Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

7-апрель окуясы боюнча сот дүйшөмбүдө уланат


Бүгүн уланган 7-апрель окуясы боюнча сот дүйшөмбүдө, 11-апрелде уланмай болду. Эртең улана турган сот процесси 7-апрель ыңкылабын белгилөө иш-чараларына даярдык жүрүп жатканына байланыштуу ары карай жылып кетти. Сот процесси Бишкек шаардык аскер гарнизондук сотуна тийиштүү жайда өтүүдө. Сотко Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылууда. Жогорку Соттун маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн да сот жабырлануучулардын көрсөтмөсүн укту. Жалпы 300 ашуун жабырлануучу бар. Кечээ да сотто бир канча жабырлануучу көрсөтмө берген. Алардан кийин күбөлөр, эксперттер, эң соңунда айыпталуучулар суралмакчы.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Башкы айыпталуучулар катары каралып аткан К.Бакиев баштаган мурдагы мурдагы ири чиновниктер чет мамлекеттерде жүрүшкөндүктөн, алар сыртынан соттолууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG