Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу маселеси талкууланат


Ушул тапта Кытайда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын биринчи-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов бүгүн Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ван Цишан менен жолугушат. Бабанов эки ири энергокомпаниянын жетекчилери менен Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу маселесин талкууламакчы. Ошондой эле Коммерция министринин, Кытай темир жол, Өнүгүү банкынын, “Синхуа” компаниясынын, текстил фабрикасы жана жер семирткич заттарды өндүргөн завод жетекчилиги менен жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Бабанов Кытайга кечээ, 5-апрелде кеткен. Анын иш сапары 9-апрелге чейин уланат. Андан соң ал кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Москвага барат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG