Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Апрелде каза болгондордун жакындары батирлүү болушту


Бишкектин Жал кичи районунда 6-7-8-апрель күндөрү набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир бөлмөлүү батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өтүүдө. Ага президент Роза Отунбаева катышып, курман болгондорго багышталып куран окутулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Надия Сарбагышева кабарлады.

Маалыматка ылайык, апрель ыңкылабында жабыркагандар үчүн 144 батирден турган көп кабаттуу эки үй курулган. Алардын бардыгы бир бөлмөлүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG