Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Базарлар жугуштуу оорулардын очогуна айланды


Ош базары
Ош базары

Ош базарынын айланасын тазалоо демилгесинен улам келип чыккан талаш көптөн бери уланып келатат. Чырдын саясий, экономикалык же социалдык өңүтүн эске албаганда, ал жердеги тазалык, санитардык эрежелердин сакталышы көп суроо туудурат.

Базарга жакын жерде жашаган шаар тургундары короолору дааратканага айланып, көп кабаттуу үйлөр келемиштерге толуп кеткенине бир нече жылдан бери даттанып келишет.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, базарлар башка бизнес ишканаларындай эле жылына бир жолу гана текшерилет.

Көптөгөн ашкана, чач-тарач, күркөлөр кургак учук, бруцеллёз, сарык өңдүү жугуштуу оорулардын очогуна айланууда.

"Азаттык": Бишкек шаарында же башка жерлерде болобу базарлар канча жолу текшерилип турат?

Махамат Мурзашев: Орто жана чакан бизнести колдоо боюнча мыйзамдын негизинде бизнес чөйрөсүндөгү кандай объект болбосун, аны жылына бир эле жолу текшере алабыз. Болгондо да текшерүүнүн алдында Экономикалык тескөө министрлигинен күн мурун уруксат алабыз.

Андан соң ошол жайларга барып, 10 күндөн кийин келебиз деп эскертебиз. Текшерип, эреже бузууларды аныктаган кезде да, айыппул сала албайбыз. Себеби мыйзамда бир ай мөөнөт каралган. Бир айдан кийин оңдобосо гана айыпка тарта алабыз.

"Азаттык": Демек жылына бир жолудан көп текшерүүгө мыйзам жол бербейби?

Мурзашев: Ооба, мыйзам жол бербейт, себеби анда "бир эле жолу текшерилсин" деген жери бар.

"Азаттык":
Мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети көрүлүп жатабы? Жылына бир жолу аз эмеспи?

Мурзашев: Айына бир жолу текшерсе да аздык кылат. Себеби бул – базар. Керек болсо аны күнүгө карап туруу зарыл.

"Азаттык": Санитардык нормаларга төп келбейт деп айыпка тарткан учурлар көп болобу?

Мурзашев: Санитардык нормаларды бузган деп биз быйылкы жылдын 3 айында эле Ош базарында 280 жайды биротоло жаптык. Алардын арасында тамак-аш саткан түйүндөр, чач-тарач, мейманкана, коомдук дааратканалар бар. Былтыр ошол эле базарда 26 кишиге айып салганбыз. Бирк быйыл бул маселеге көп көңүл бурулуп, 3 айдын ичинде эле 280 жайды жаптырдык.

Баары аралашкан базар

"Азаттык": Базарлар, ачык асман алдындагы соода түйүндөрү кандай оорулардын очогу болушу мүмкүн?

Мурзашев: Өздүк жана жалпы гигиенаны сактабаганда ич келте, сарык же А гепатити, кургак учук, бруцеллёз оорулары келип чыгышы ыктымал. Базарлардагы, өзгөчө тамак-аш саткан жайлардагы антисанитардык абал ушундай илдеттерге алып келет.

"Азаттык": Сиз атаган оорулардын көбөйүп жатышы байкалабы?

Мурзашев: Ооба, мисалы 2009-жыл менен былтыркы жылды салыштырганда Бишкек шаарында бруцеллёзго кабылгандардын саны 2 жарым эсеге өсүп кеткен. Бул ветеринардык, санитардык көзөмөлдүн жоктугунан эт, сүт аркылуу жугат. Ошол эле чала бышырылган шашлык, кулинардык азыктардын айынан бруцеллёз пайда болууда.

"Азаттык": Кээде Ош базарында тамак-аштын жанында эле самын, айна сатып отурушканын көрсө болот. Бул туура эмес болсо керек?

Мурзашев: Ош базары, керек болсо, бул – жалаң тамак-аш саткан базар болушу керек. Долбоор боюнча ал жер-жемиш менен соода кылган базар катары курулган. Иш жүзүндө ал жерде тамак-аш менен катар кийим жууган самын, айна, темир-тезек сатышат. Аралашкан базар болуп кетти. Кээде ошол эле эттин жанында нан сатылат.
Быйылкы жылдын 3 айында эле Ош базарында 280 жайды биротоло жаптык.


Биз текшерген сайын ээлерине эскертебиз. Бирок алар билип алышты – мына азыр текшеришти, эми бир жылдан кийин келишет деп камаарабай отурушат.

"Азаттык": Ошондой чоң базарлардан тамак-аш сатып алган, тамактанган адамдарга кандай кеңеш бересиз? Жогоруда айткан ооруларды жуктуруп албаш үчүн эмнелерге көңүл буруш керек?

Мурзашев: Ар бир адам өздүк гигиенаны же тазалыкты сакташ керек. Өзүн ойлогон киши болсо, арзанына карабай, жакшынакай уюшулган ашкана, түйүндөрдөн тамактанса. Эл көчөнүн, жолдун боюнда соода кылгандардан 1 сом арзан экен деп тамак сатып жебесе эле алар өзүнөн өзү жок болот эле.
XS
SM
MD
LG