Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

“Дастан" заводунун айланасындагы маселени иликтөө тапшырылды


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “Дастан” ишканасынан алынып чыгылган 2 млн. долларды иликтөө, териштирүүнү Мамлекеттик мүлк министри Данияр Кенекеевге тапшырды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов тастыктап, бул кат учурда Башкы прокуратурага да тапшырылып жатканын белгиледи. Өкмөт башчы бул териштирүүгө эсеп палатасы, тартип коргоо органдары жана Башкы прокуратуранын катышуусун талап кылды.

Дастан” ишканасынын проблемалары апрель ыңкылабынан кийин, Убактылуу өкмөт заводдун жетекчилигине Сергей Даниленкону дайындагандан кийин башталган.

Бул жетекчи келгенге чейин заводдун эсебинде 2 млн. 660 миң доллар каражат болгон. Бирок көп өтпөй заводдун каражаты жоголуп, жумушчуларга айлык акы да берилбей калган. Тартип коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, Сергей Даниленко жана заводдун башкы инженери Борис Удот сурак бере баштаган. Мына ошол сурактын жүрүшүндө Сергей Даниленко заводдун каражаттары кайсы бир партиянын шайлоо өнөктүгү үчүн жумшалганын билдирген. Мурдагы баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов каражат Социал-демократтар партиясына жумшалганын айткан эле. Ф.Ниязов бул маалыматты четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG