Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бажы биримдигине кирүү маселеси сентябрда чечилет


Бул тууралуу экономиканы жөнгө салуу министри Учкун Ташбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бажы биримдигине кирүү маселеси 11-апрелде өкмөт жыйынында каралат. 15-майда Ялта шаарында Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн Экономикалык кеңешинин жыйыны белгиленүүдө. Анда биримдиктин мындан аркы иш пландары жана жоболору каралмакчы. “Ошол убакка чейин биз өз чечимибиз тууралуу маалыматты биримдиктин комиссия катчылыгына жөнөтөбүз”,-деди Ташбаев. Ушул эле маселе 2011-жылдын сентябрь айында Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусунда талкууланып, акыркы чекит коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG