Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Бакиев 7-апрелге карата маегинде азыркы бийликти сындады


2010-жылдын 7-апрелинде кандуу кагылыштан соң Ак үйдү таштай качкан мурдагы президент Курманбек Бакиев Беларуста кандуу бийлик алмашуунун бир жылдыгына карата «Интерфакс-Батыш» агенттигине маек курду.

К.Бакиевдин айтымында, бир жыл мурда Кыргызстанда куралдуу төңкөрүш болуп, ага чет мамлекеттердин атайын кызматтары көмөк көрсөткөн. Бирок ал кайсы мамлекет Кыргызстандагы төңкөрүшкө себепчи болгонун айта албасын кошумчалады. Ошондой эле ал бүгүнкү күнү Кыргызстанда укуктук баш аламандык күчөп, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, күч түзүмдөрүнүн өзүм билемдиги сыяктуу көрүнүштөр орун алып атканын, вице-премьерлик даражадагы чиновниктер миллиондогон акчаларды салыктан жашырып жүрүшкөнүн, жакында эле мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун айтып чыккандары - өлкө кооптуу абалга келип калганынан кабар берерин билдирет. К.Бакиев андан тышкары жакын арада Кыргызстанга кайтууга ниети жок экенин, Минск шаарында мыкты шартта жашап атканын, аң уулап, балык алып эс алып жүргөнүн, мындан ары такыр эле мамлекеттик кызматта иштегиси келбей калганын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG