Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов ушул күндөрү Кытайда иш сапары менен жүрөт. Ал бүгүн Кытайдын вице-премьер-министри Ван Цишань менен жолугуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын бекемдөө, бирдиктүү экономикалык долбоорлорду иштеп чыгуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. "Синхуа" маалымат агенттиги билдиргендей, Кытай тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык, транспорт, каржы, айыл чарба, коопсуздук сыяктуу тармактарда иштешүүгө кызыкдар болууда. Ө.Бабанов болсо Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатында Кытай маанилүү орунда турганын баса белгилеп, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду жылдыруу сунушталарын билдирди. (IJz)