Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Башкырстанда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун 6 мүчөсү кармалды

Орусиялык маалымат агенттиктери Башкырстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун 6 мүчөсү кармалып, дагы алтоо үйдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен койо берилди.

Кармалгандардын үйлөрүн тинтүүдө экстремисттик маанайдагы диний адабияттар табылган. Кылмыш иш ачылган 12 адам 19-35 жаштарда.

Өткөн жылдын октябрь айында Москвада атайын операция маалында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү болгон 10 тажикстандык жаран кармалып, алардын жетөө өз мекенине кайтарылган.

Ошол эле учурда "Жарандык бирге аракеттенүү" уюмунун активисттери орусиялык күч органдары "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү деп "жалган жалаа" менен кармоолорду жүргүзө берерин билдирет.
XS
SM
MD
LG