Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Иран: абактагы журналист ЮНЕСКО сыйлыгына татыды


45 жаштагы журналист Ахмад Зеидабади сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн дүйнөлүк ЮНЕСКО/Гилермо Кано сыйлыгынын лауреаты деп жарыяланды. Бул тууралуу ЮНЕСКО уюму расмий маалымат таратты.

Ахмад Зеидабадиге сыйлыкты ыйгаруу тууралуу чечим – анын кайраты менен токтоолугуна, сөз эркиндиги менен демократия, адам укуктары, сабырдуулук менен адамкерчиликке болгон эң жогорку урмат” деп билдирди сыйлыктын калыстар тобунун төрагасы Диана Сенор.

ЮНЕСКОнун баш катчысы Ирина Бокова сыйлыкты ыйгаруу чечимин колдоп, иран бийлигин журналистти эркиндикке чыгаруугачакырды.

Зеидабади 2009-жылы Ирандагы президенттик шайлоодон кийин ондогон журналисттер менен бирге камалган. Ал 40 журналист жана 100 реформатор-активисттер менен бирге Иранда “жылма ыңкылап” уюштуруп, бийликти кулатууга аракеттерди көргөн деген негизде 6 жылга түрмөгө кесилген. Абактан чыккандан кийин журналист 5 жыл өлкөдөн чыкпайт жана өмүр бою өз кесиби менен иштөө укугунан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG