Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Аба ырайы


9-апрелге карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым гана аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7… 12, күндүз 22…27 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21… 26 градус жылуу. Баткенде түнкүсүн +5… +10, күндүз +21… +26 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6… 11, күндүз 21…26 градуска чейин жылыйт, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -3… +2, күндүз 9… 14 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз 13… 18 градус жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -12... -17, күндүз -2... +3 градус болот.

Бишкек шаарында 9-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8… 10, күндүз 24… 26 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG