Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Жапонияда кечээги зилзаладан кеминде эки адам өлдү


Өткөн түнү Жапонияда күчү дээрлик 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду, андан эки адам мүрт кетти. Дагы 100 ашуун киши жаракат алганы кабарланууда. Анын артынан цунами болушу мүмкүн деген билдирүү да таратылган. Кийин ал эскертүү алынып салынды. Өткөн айда да ушул аймакта күчү 9 баллга жеткен зилзала болуп, анын артынан каптаган цунамиден 10 миңден ашуун адам мерт болгон.

Жапон өкмөтүнүн катчысы Юкио Эдано бүгүн өлкө мындан ары да болушу мүмкүн деп күтүлүп жаткан жер титирөөлөргө даяр болушу керек деди.

"Жапонияда 5-6 баллдын тегерегинде зилзала дагы кайталанышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат, - деди Эдано. - Ошон үчүн элдер ага даярдык көрүшү керек".

Өткөн айдагы зилзаладан “Фукусима-Дайичи” атомдук электростанциясы катуу жабыркаган эле. Бирок кечээги жер титирөөдөн станция анча деле жабыр тарткан жок.

XS
SM
MD
LG