Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Сирияда кайра бийликке нааразы адамдардын каны төгүлдү


Сириянын түштүгүндөгү Дараа жана ага коңшулаш Хомс шаарларында аскерлердин огунан курман болгон адамдарды 9-апрелдеги жайга берүү учурунда коопсуздук күчтөрү аткан октон кеминде 28 жарандын каны төгүлдү. Бул жөнүндө Сириянын адам укугун коргоочу алты уюму жекшемби күнү маалымдады. Билдирүүгө караганда, 26 адам Дараада, эки киши өнөр жайлуу Хомс шаарында полициянын огунан жан берген.
Дараа шаарындагы жума күнкү өкмөткө каршы демонстрацияны басуу маалында 17 киши, коңшу кыштактарда 10 киши окко учканы кабарланган. Коопсуздук күчтөрүнүн 8-апрелдеги өкмөткө каршы нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы ок атканына Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун тынчсызданып, ал жөнүндө Сириянын президенти Башар Ассадга айтканы мурда кабарланган.

XS
SM
MD
LG