Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

“Кыргызтелекомдун” баасын бычууга депутаттар да катышат


“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун мамлекеттин карамагындагы акциясынын баасын бычуу боюнча комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары да кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Бүгүн парламентте Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм комитети бул маселени карап, комиссия курамына депутаттарды кошуу маселесин талкуулайт. “Кыргызтелекомдун” баасын бычуу маселеси тууралуу депутаттарга Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев маалымат берет. Ошондой эле депутаттар Мамлекеттик мүлк министрлигинин Чүй, Бишкек, Талас аймактык башкармалыктарына караштуу мамлекеттик кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, алардын баасын бычуу маселесин карашат. (IJz)

XS
SM
MD
LG