Эл аралык тынчтыкты изилдөө боюнча Стокголмдогу институттун жаңы баяндамасына караганда, былтыр аскерий чыгымдардын өсүшү глобалдык каржы кризисинин таасиринен улам солгундаган. Соңку эсепке караганда, былтыр дүйнөдө аскерий максатта 1,6 триллион коротулду. Бул мурдагы жылкы көрсөткүчтөн 1,3 пайызга эле көп жана чыгымдын өсүшү боюнча акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Аскерий чыгымдары жагынан көч башын былтыр да АКШ берген жок. АКШнын чыгымы 698 миллиард долларды же дүйнөлүк чыгымдын 43 пайызын түзөт. Андан кийин 119 миллиард доллар менен Кытай турат. Үчүнчү орундагы Британия менен Франциянын ар бири армиянын муктаждыгы үчүн былтыр 59 миллиард доллардан сарпташкан. Аскерий чыгымы эң көп он өлкөнүн ичинде Орусия, Жапония, Сауд Аравия, Германия, Индия, Италия да бар.