Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Нарындын Ак-Сай жайлоосунда мал кырылып жатат


Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы районундагы фермер Абдылда Оморов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бир аптадай мурун жааган кардан улам жол жабылып, мал оту жок калды. Чөп жүктөп жөнөтүлгөн эки унаа жайлоого жетпей орто жолдо турат. “Жолду тазалаганга атайын унаа керек. Күн чыгыш жактагы жайлоолордон мал эмес, адамдардан кабар жок, эмне болуп атканы белгисиз”, дейт Оморов. Чукул кыраалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов Ат-Башыдагы Ак-Сай жайлоосундагы кырдаал иликтенип жатканын, бирок аймакта соңку бир айдан бери кар жаай электигин “Азаттыкка” маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG