Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Францияда паранжа кийген 2 аял кармалды


Францияда паранжа кийген 2 аял нааразылык акциясы учурунда кармалып кетти. Бүгүнкү күндөн тарта Европада алгачкы болуп Франциянын коомдук жайларында никаб же бети башын толугу менен чүмкөгөн паранжа кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Париждин борборуна чогулган чакан топ мыйзамга каршылыгын билдирди. Полициянын маалыматына караганда, 2 аял паранжа кийгени үчүн эмес, уруксатсыз митинг өткөргөнү жана таркап кетүүдөн баш тартканы үчүн кармалды. Мыйзамга баш ийбегендерге 150 евро айып пул салынат. Жаңы жобону колдогондор коопсуздук жана гендердик теңдик принциптерин жүйө катары келтиришсе, каршы болгондор мыйзам мусулмандарды бутага алып, диний эркиндиктерди бузат дешет. Францияда 6 миллиондой мусулман жашайт.

XS
SM
MD
LG