Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Тимошенкого каршы дагы бир иш козголду


Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенкого каршы кылмыш иши козголду. Баш прокурордун орун басары Ренат Кузминдин айтымында, мурдагы премьер-министр 2009-жылы Орусия менен кол коюлган газ келишимине байланыштуу "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө. Тимошенко менен орус премьери Владимир Путин кол койгон келишимге ылайык, Украина орус газын дүйнөлүк баалар боюнча ала баштаган. Эки өлкө ортосундагы ошол кездеги тирешүү Европанын кардарларын бир нече аптага газсыз калтырган. Януковичтин өкмөтү Москваны бааларды кайра карап чыгууга үндөөдө, бирок сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Былтыр президенттик шайлоодо утулгандан кийин Тимошенко кызматынан кеткен. Ага каршы буга чейин дагы 2 кылмыш иши козголгон. Экс-премьер ага тагылган айыптарды чекте кагууда.

XS
SM
MD
LG