Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Беларуста бүгүн аза күтүү күнү


Аза күтүү күнү 11-апрелдин кечинде Минск шаарынын метросунда болгон жарылуудан 12 адам каза таап, 150дөй киши жаракат алгандан кийин жарыяланган. Өлкөнүн атайын кызматы – КГБнын кечээги маалыматына караганда, славян эмес түспөлүндөгү жигит жардыруу үчүн башкы шектүү адам катары каралууда.

КГБнын башчысы Вадим Зайцевдин айтымында, үч киши камакка алынды, бирок сүрөтү коомчулукка таратылган шектүү адам азырынча эркиндикте. Беларус ички иштер министри Анатолий Кулешовдун айтымында, жардырууда пайдаланылган бомба колго жасалган.

Президент Александр Лукашенко жардырууну Беларусту дестабилдештирүү аракети катары баалап, ага чет өлкөлүктөр да тартылган болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Беларус оппозициясы бул окуя куугунтукту күчөтүүсү мүмкүн деп чочулоодо.

XS
SM
MD
LG