Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландалууда


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кытайдын “Ориентал Пэтрон” каржылык тобуна Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече багытындагы темир жолду куруу долбооруна инвестиция кылуу сунушун билдирди. Мындай сунушту А.Атамбаев кечээ аталган каржылык топтун директорлор кеңешинин төрагасы Жан Жи Пинг менен жолугушуу маалында жасады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Премьер-министрдин айтымында, өкмөт жеке тармактарга инвестиция алып келген тарапка колдоо көрсөтүп, инвесторлордун ишине кийлигишүүнү азайтып, каттоо-тескөө системасын жөнөкөйлөтмөкчү. Жан Жи Пинг өз кезегинде бул жаатта кызматташтыкка кызыкдар экенин белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG