Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Журналистика мектебине катышууга кароо сынак жарыяланды


“Журналисттер” коомдук бирикемеси Journalist news гезитинин алдындагы журналистика мектебинин катышуучуларын кабыл алуу боюнча кароо сынак жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун координатору Мэри Бекешова билдирет.

Мектепке кабыл алынган окуучулар бир ай аралыгында теориялык билим гана албастан, практикалык иштер менен тыгыз алектенет. Журналистика мектебинин катышуучулары журналисттик стандарттардын негизинде макала, жаңылык жазганды үйрөнөт, гезиттин чыгарылышы менен жакындан таанышат, катышуучулар жазган материалдар айрым республикалык маалымат агенттиктердин, долбоордун сайттарына жана Journalist news гезитине жарыяланат.

Жаш калемгерлерге кыргыз тилдүү белгилүү журналисттер мастер-класстарды өтүшөт. Журналисттик ишмердүүлүктүн юридикалык негиздери жана этикалык нормалары окутулат. Мектептин катышуучуларынын даректери жана материалдары кыргыз тилдүү маалымат каражаттарына сунушталып, алардын жумушка орношуусуна өбөлгө түзүлөт. Журналисттик окуу май айынын башынан июнь айынын башына чейин созулмакчы. Мектепке катышууну каалагандар “Журналисттер” коомдук бирикемесине 25-мартка чейин кайрылуулары керек. (IJz)

XS
SM
MD
LG