Оппозицияга мүчө болгон эки жаш активист Бакыдагы Мамлекеттик университеттен чыгарылганын "Азаттыктын" азери кызматы билдирди. Ага ылайык, "Мусават" партиясынын жаштар канатын жетектеген Турал Аббас журналистика факультетинин бешиичи курсунун студенти болгон. Факултеттин деканы Ялчин Ализаде ал 100 сабактан калып, 1135 доллар окуу акысын төлөбөгөндүгүн билдирди. Ал эми Классикалык Азербайжан Элдик Майдан партиясына мүчө болгон Жавид Мехралиев өткөн аптада "Азаттыкка" ал сабакка келгенде да «келген жок» деп жазып коюшаарын билдирген. Университет бул эки студент саясий көз караштары үчүн окуудан чыгарылды деген кинени четке кагууда.