Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

БУУнун Коопсуздук кеңеши Минскдеги жардырууну айыптады


Беларус бийликтери Минск шаарынын метросунда үч күн мурда болгон жарылууну “терракт” деп мүнөздөшкөн эле. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши ал жардырууну айыптаган билдирүүсүндө “терракт өңдөгөндөй” деген сөз айкашын колдонгон. Коопсуздук кеңешиндеги дипломаттардын айтымында, бул билдирүүгө “өңдөнгөндөй” деген сөздүн киргизилиши Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү арасында жардыруунун артында ким турушу мүмкүндүгү боюнча айкындык жоктугун ишара кылууда. Ушул дүйшөмбүдө Минск шаарынын метро бекетинде орун алган жарылуудан 12 адам каза таап, 150дөй киши жаракат алган. Беларус президенти Александр Лукашенконун кечээ кечиндеги жарыясына караганда, жардырууну даярдаган деп шектелген адам жана анын эки шериги кармалып, бул кылмышка тийиштиги бардыгын моюнга алышты.

XS
SM
MD
LG