Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

15-апрелде айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 15-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаайт, күн күркүрөйт. Тоолордо кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар түшөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болмокчу.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус жылуу, күндүз 23…25 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG