Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

“Мегаком” чырын териштирген прокуратура кызматкери иштен четтетилди


“Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа телекомго” байланыштуу бир катар кылмыш иштерин ачкан Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов убактылуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Аида Салянова парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Альфа телекомдун” тегерегинде козголгон иштерге байланыштуу башкы прокуратурада кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыкмайынча бул ишти жетектеген Канат Аманкулов убактылуу кызматтан четтетилди. Бул маалыматты Аманкулов да “Азаттыкка” тастыктады.

Буга чейин “Альфа телекомдун” айланасындагы чырды, акча которуулардын мыйзамдуулугун тармактар аралык комиссия иликтеп, ага УКМК жетекчилик кылаары кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG