Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Тунистин мурдакы президенти 18 иш боюнча айыпталууда


Тунистин мурдакы президенти Зине ал-Абидине Бен Али 18 иш боюнча, анын ичинде өкмөткө каршы кутумчулук кылды, адам өлтүрүүгө жана маң аткезчилигиге катышы бар деп айыпталууда. Бул жөнүндө Тунистин юстиция министри Лажар Каруи Чеббини 14-апрелде өкмөттүк телеканалдан айтты жана Бен Алини Саудиядан өткөрүп алууга аракет жасалып жатканын белгиледи.

23 жыл президенттик кылган Бен Али элдик козголушка туруштук бербей, 14-январда Саудияга чыгып кеткен. Тунис бийликтери мурдараак Интерполго кайрылып, Бен Алини, анын зайыбын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кармап берүүнү сураган.

XS
SM
MD
LG