Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

НАТО Ливиядагы авиаоперацияны токтотуу шартын айтты


НАТОнун Ливия чатагындагы ролу бүгүн Берлинде ачылган эки күндүк жыйындын баш темасы. Альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен жыйындын ачылышында сүйлөп, Каддафиге ишенимдүү күчтөр жарандарга кол салууну токтомоюнча, альянс Ливиядагы авиаоперациясын токтотпосун эскертти:

- НАТО жана анын Арктикадан тартып, Араб деңизине чейинки өнөктөштөрү Улуттар Уюмунун 1973-резолюциясын колдоо үчүн 24 саат бою деңизде жана абада иштешүүдө. Биздин максатыбыз - Ливия элинин коопсуздугун камсыздоо.

Белиндеги саммитке альянска мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышууда. Франциялык дипломаттардын билдиришинче, Франция жана Британия жыйында натолук өнөктөштөрүнүн Муаммар Каддафинин күчтөрүнө авиасокку урууга көбүрөөк салым кошуусун талап кылат.

Каддафи менен козголоңчулар ортосундагы согуш бүткөндөн кийин Ливияда эмне кылуу керек экенин АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Берлин саммити учурунда коллегалары менен талкууланары да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG