Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ливияда согуштук баланс өзгөрүүсүз калууда


НАТОнун үч жумадан берки авиачабуулдары Ливиядагы согуштук балансты өзгөртө албады. Каддафинин аскерлери бейшемби күнү курчоодогу Мисрата шаарын ракетадан аткылашканын жана калаада “кызыл кыргын болгону турганын” 14-апрелде козголоңчулар билдирди. Ракета чабуулунан Мисратада 13 адам өлгөнү айтылууда. Ливиянын үчүнчү чоң калаасы, өлкө батышындагы Мисрата алты жумадан бери эрегишчилердин ээлигинде.

НАТОнун Ливия чатагындагы ролу 14-апрелде Берлинде ачылган эки күндүк жыйында дагы талкууланууда. Альянстын башкатчысы Андерс Фог Расмуссен жыйындын ачылышында сүйлөп, Каддафиге ишенимдүү күчтөр жарандарга кол салууну токтомоюнча, альянс Ливиядагы авиаоперациясы улантыла берерин билдирди.

Берлиндеги саммитке альянска мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышууда.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон саммит алдында берген интервьюда НАТО Каддафинин бийлигин кулатуу үчүн бириккенин айтты.

XS
SM
MD
LG