Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Сирияда бүгүн нааразылык акциялар уланары күтүлүүдө


Президент Башар ал-Ассад өлкөдөгү чыңалууну жумшартуу аракетинде жаңы өкмөттүн курамын жарыялады жана камактагыларды бошотууга буйрук берди. Сириянын расмий кабар агенттиги бошотулгандар арасында соңку толкундоолор учурунда кармалгандар да бардыгын билдирди. Бирок адам укугун коргоочулар кечээ Дараа шаарында жаңы камоолор болгонун кабарлашты. Сириялык адам укугун коргоочу уюмдун ушул аптадагы маалыматына караганда, өлкөдө президент Башар ал-Ассадын режимине каршы нааразылык чаралары башталгандан бери 200дөн ашуун киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG