Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бажы биримдигине кирүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү


Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча Кыргызстандын тармактар аралык комиссиясы түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Бул комиссия Бажы союзуна кирген өлкөлөр менен байланышты камсыз кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү багытында иш алып барат. Комиссия 1-июлга чейин Бажы биримдигине жибериле турган Кыргызстандын тышкы соодасы тууралуу баяндамасын даярдап чыгууга тийиш. Мекемелер аралык комиссиянын курамына кыргыз өкмөтүнүң бир катар мүчөлөрү кирип, ага Экономикалык тескөө министри төрагалык кылат.

11-апрелде кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кошулуу тууралуу чечим кабыл алган. Аталган биримдикке азыр Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери мүчө. (KKs)

XS
SM
MD
LG