Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Турсунбеков: Коалицияны кеңейтүүгө жол ачылды


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков эки фракция баш тарткан милдеттенмелер тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, “Ата-Журт”, “Республика” жана КСДПнын коалициялык келишиминде коалицияга башкалардын киришин тыюу салган тиркеме бар болчу. “Ата-Журт” фракциясынын айрым мүчөлөрү коалициядан чыгуу демилгелерин көтөргөндүктөн, өлкөдөгү абалды эске алуу менен КСДП жана “Республика” бул милдеттенмеден баш тартышты. Ага ылайык “Биримдик жана өнүгүү” коалициясына парламенттеги башка фракциялардын мүчөлөрүнүн киришине шарт түзүлдү.

КСДП жана "Республика" фракцияларынын жетекчилери айрым милдетенмелерден баш тартканын бүгүн эртең менен жарыялашкан. Ошол эле маалда парламенттик көпчүлүккө кирбеген “Ар-намыс” фракциясынын он депутаты коалицияга кирүү ниетин билдиришкен.

Оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев аны мыйзамга туура келбегенин аракет катары сыпаттады. (KKs)

XS
SM
MD
LG