Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, 14-апрелде Базар-Коргон районундагы убактылуу кармоочу жайдагы кыйноо фактылары боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматка ылайык, аталган райондун прокуратурасына абакта отурган бир адамдын жактоочусунан кыйноо болгондугун белгилеген арыз түшкөн. Анын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлүп, камактагы жети адам денесинен жаракат алганы аныкталган. Мындан улам кызматтык укуктардан аша чабуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кечээ Жалал-Абад облусундагы «Справедливость» укук коргоо уюму Базар-Коргон районундагы убактылуу кармоочу жайда камакка алынган айрым адамдарга абакта кыйноо көрсөтүлгөнү тууралуу билдирүү тараткан.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Суусунбаев аталган райондогу абакта эч кандай кыйноо фактылары болбогонун, мындай дооматтар негизсиздигин «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, 14-апрелде абактагы укук коргоо кызматкерлери ар күнкүдөй абакты кароодон өткөрүү учурунда адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон бир адамдын колунда кесүүчү темир болгон. Укук коргоо кызматкерлери аны алууга аракет кылганда, ал адам өз ичин кесип жиберип, жеңил жаракат алган. (KKs)