Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Ооганстанда 7 миллиондой киши ачка калышы мүмкүн

БУУ Ооганстандагы азык-түлүк тартыштыгынын айынан 7 миллиондой киши же өлкө калкынынын чейреги ачка калышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Аларды тезирээк тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн 250 миллион доллар каражат керек. БУУнун Азык-түлүк агенттиги маалымдагандай, тоё тамактанбагандардын көбүн аялдар менен балдар түзөт. Жай айларында согушкерлер менен уруш күчөп, азык-түлүктү алыскы айматарга жеткирүү өзгөчө кыйындайт.
XS
SM
MD
LG