Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:40

Акыркы үч айда бюджетке белгиленгенден аз киреше түштү


Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын алгачкы үч айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан бюджетине түшкөн каражаттардын көлөмү 13 миллиард 894 миллион сомдон ашты. Бул белгиленген пландын 94,7 пайызы аткарылганын, болжолдонгон кирешеден 5,3 пайызга аз экенин көрсөтүүдө. Маалымата ылайык, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелердин 46 пайыздан ашыгы Салык кызматынан, 31 пайызы Бажы кызматынан түшкөн.

Жогорку Кеңеш март айында кабыл алган бюджет мыйзамына ылайык, 2011-жылы бюджеттин кирешеси 68 млрд. 840 млн. 552 миң сомдон ашык, чыгашасы 90 млрд. 97 млн. 937 миң сомдой болот деп белгиленген. Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 21 млрд. 257млн. 381 миң сомдун тегерегинде болоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG