Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Бала асыроо маселелери өкмөттүн жоопкерчилигинде болот


Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиеванын «Азаттыкка» билдиришинче, «Үй-бүлөлүк кодекске» киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандагы балдарды асыроо маселеси менен өкмөт алектене турган болду. Өкмөт балдарды берүүнүн тартибин, эрежелерин иштеп чыгып, бул багытта тиешелүү органдардын милдет, жоопкерчиликтерин аныктайт. Сотко чейинки процедураларды даярдайт. Натыйжада буга чейин АКШ жарандары багып алууну каалаган алтымыштан ашуун кыргызстандык өспүрүмдөрдүн тагдыры да өкмөт кабыл алган чечимге жараша болот.

Маалыматка ылайык, буга чейинки мыйзамда балдарды асыроону каалаган жарандардын маселеси конкреттүү бир да органдын жоопкерчилигинде болгон эмес. Ошондуктан акыркы жылдары бул иш менен бир нече орган алектенип, карама-каршылыктар пайда болгон.

2006-жылдан бери эл аралык балдарды асыроо иши менен өкмөттүн токтомуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги алектенип келген. Бул убакыт аралыгында кыргызстандык кароосуз калган 236 баланын 177син АКШнын, калганын Израиль, Италия, Франция, Германия, Австралия өңдүү мамлекеттердин жарандары асырап алышкан. 2009-жылы асырандыга берилип жаткан балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жаткандыгы маалым болуп, бул маселе парламентте чоң талкууну жараткан. Анын негизинде эл аралык бала багып алуу чарасына убактылуу тыюу салынган. Мындан улам Кыргызстандын балдар үйлөрүндөгү 60тан ашуун бала чет өлкөлүктөрдүн, тактап айтканда америкалык үй-бүлөлөрдүн асырап алышын күтүп жатат. Алардын 30дан ашууну дарыланууга муктаж жана экөө жакында эле оорудан каза болуп калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG