Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоого эл аралык байкоочулар да көз салууда


Кыргызстандын Ош, Талас жана Баткен облустарынын айрым аймактарындагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жараянына 12 эл аралык байкоочу көз салууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар ЕККУдан, Кыргызстандагы АКШ элчилигинен жана Улуттук демократиялык институтунан келген байкоочулар.

Аталган үч облустун 13 айылдык округунда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо бүгүн эртең мененки саат сегизде башталган. Бул шайлоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын аяктаганына байланыштуу өткөрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG