Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Азербайжанда өкмөткө каршы акция үзгүлтүккө учурады


Азербайжандын борбор шаары Бакуда бийлик оппозициянын уруксат берилбеген антиөкмөттүк акциясын өткөртпөй койду. Бир нече киши кармалганы кабарланууда. Оппозиция демократиялык реформаларды,сөз эркиндигин, эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү, саясий туткундарды коё берүүнү талап кылууну көздөгөн. Полиция борбордук аянтка кире берештерди тосуп салды. Буга чейин да бир нече жолу антиөкмөттүк демонстрациялар башталбай жатып коопсуздук күчтөрү тарабынан таркатылган. Оппозиция нааразылык чарасын өткөрүү уруксатын алууга аракеттенген, бирок бийлик шаардын чет жагындагы жерлерди гана сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG