Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Тажикстан Буркановду Кыргызстанга өткөрүп берди


Учурда Кыргызстандын жараны Расулбек Буркановдун ишин Баткен облустук прокуратура карап жатканын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Бүгүн эртең менен Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Кара-Бак айылында чогулган жүз чамалуу адам 17-апрелде тажик тарап кармап кеткен кыргыз жаранын бошотууну талап кылышкан. Ал эми Тажикстандын өкүлдөрү Расулбек Буркановду мыйзамсыз сымап сатканы үчүн кармашканын айтышты. Жергиликтүү бийлик Бурканов кайсы өлкөнүн аймагында кармалганы такталарын, эгер ал Кыргызстан аймагында кармалса, тергөө иштери ушул жакта жүрө турганын билдиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG