“Мындай террорчул аракеттин мизи кайтарылат” деп айтылат өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Хомс шаарындагы окуяны бийлик салафилердин уюмунан көрүп жатат. Сириядагы үчүнчү ири шаарда миңдеген эл президент Башар Ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган демонстрацияга чыккан эле. Жекшембиде коопсуздук күчтөрү менен болгон тополоң учурунда 12 киши набыт болгону кабарланууда.