Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

БУУ Йемендеги кризис боюнча мунаса таба албады


Йемендеги кырдаал боюнча Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши билдирүү таратышы зарыл экенин ага мүчө 15 өлкөнүн ичинен Германия менен Ливан билдиришкен эле. Бирок, дипломаттардын айтымында, жабык жыйында кеңештеги туруктуу беш мүчөнүн экөө - Орусия менен Кытай – буга каршы болушту. Алар вето укугуна ээ. Жыйын кечээ Йеменде өкмөттүк аскерлер кайра демонстрацияга чыккан элге ок атып, үч кишини өлтүрүшкөндөн кийин өткөн. Бул өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан президент Али Абдулла Салехке каршы демонстрациялар эки айдан бери өтүп жатат. Ушул мезгил ичинде полиция менен кагылышууларда 120 ашуун адам окко учканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG