Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

“Ата Мекен” “Кыргызнефтегаз” боюнча жагдайды талкуулоодо

“Ата Мекен” фракциясы бүгүнкү жыйынында Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасына байланыштуу талаштуу жагдайларды талкуулап жатат. Анда облустун губернатору Бектур Асанов апрель окуяларынан кийин келген ишкананын жетекчилерине айрым депутаттар тарабынан кысым болуп жатканын айтты.

Кечээ Кочкор-Атада эки миңдей адам катышкан акция өткөн. “Кыргызнефтегазды” коргоп чогулгандар Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишкананы кайра-кайра текшерүүлөрүнө нааразы болушкан жана министр Нурдин Илебаевди ишкананын директорун иштен бошотууга кызыкдар деп айыптап, кызматтан кетишин талап кылышкан болчу. (EBM)
XS
SM
MD
LG