Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Ливиянын Мисрата шаарында салгылашуулар уланууда


Ливиянын Мисрата шаарында айыгышкан салгылашуулар болуп жатканы кабарланууда. БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай Каддафиге баш ийген күчтөрдүн чачыратма бомба колдонуп, карапайым элге каршы снайперлердин тартылышы эл аралык кылмыш катары бааланарын айтты. Ливиянын үчүнчү ири шаары 7 жумадан бери өкмөттүк аскерлердин курчоосунда кала берүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, жүздөгөн киши курман болду. Азык-түлүк менен дары-дармектин кору түгөнүп, гуманитардык абал күндөн күнгө начарлоодо. Козголоңчулардын өкүлү НАТОнун бомбалоолору Мисратада "оң жыйынтыкка алып келбегенин" билдирди.

XS
SM
MD
LG