Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Жапония Фукусима АЭСинин айланасын жапты


Жапон бийликтери 11-марттагы зилзаладан жана цунамиден катуу жабыркаган “Фукусима-Дайичи” атомдук электростанциясын расмий түрдө “жабык зона” деп жарыялашты. Эми анын айланасындагы 20 чакырымдык аймакка кирүүгө тыйуу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн катчысы Юкио Эдано кабарлады. Ал айланада жашаган элди өздөрүнүн саламаттыгы үчүн бул аймакка жакын жолобоого чакырды, анткени, ал жакта радиациянын деңгээли төмөндөй баштаганы тууралуу кабарларга карабай, абал дале оор.

Кырсыктан кийин ал аймактын 80 000 калктуу эли дээрлик толугу менен башка жакка көчүрүлгөн, бирок айрымдар кайрадан үйлөрүнө кайтып жатышкан жана аларга тоскоолдук кылууга полициянын укугу жок эле. Эми ал жер жабык зона катары жарыя кылынгандан кийин тургундар үйлөрүндөгү зарыл буюмдарды алыш үчүн гана кыска мөөнөткө киришине уруксат берилет.

XS
SM
MD
LG