Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Акыйкатчынын жылдык баяндамасы жактырылган жок


Акыйкатчы Турсунбек Акундун 2010-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктары боюнча баяндамасы парламентте жетиштүү добуш алган жок. Натыйжада баяндама канааттандырарлык эмес деп табылды. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеште акыйкатчынын баяндамасы жактырылбаса, анын ээлеген кызматына ылайыктуулугу каралууга тийиш.

Бүгүн парламентте Турсунбек Акундун жылдык баяндамасы жана ишмердүүлүгү талкууга алынган. Анда Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия корутундусун да жарыялап, Акыйкатчы институтунда негизсиз кызматтан алуу жана бюджетти максатсыз колдонуу фактылары болгону белгиленген. Акыйкатчы Турсунбек Акун айтылган дооматтар негизсиздигин белгилеген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG