Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Парламент КТРК тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат


“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште талкууга алынууда. Баяндамачы Каныбек Иманалиевдин билдиришинче, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин каналдын Байкоочулар кеңеши таркап-таркабай тургандыгы кайчы пикирлерди жаратууда. Натыйжада КТРК тууралуу жаңы мыйзам кабыл алуу же Убактылуу өкмөттүн декретине өзгөртүүлөрдү киргизип, анын негизинде иш алып баруу маселелери чечилүүгө тийиш.

“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам каналдын иштөө жана Байкоочулар кеңешин шайлоо тартибин аныктайт. Иманалиевдин билдиришинче, мыйзам кабыл алынса, Убактылуу өкмөттүн Байкоочулар кеңешин түзүү тууралуу декрети күчүн жоготот. (KKs)

XS
SM
MD
LG