Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Ош шаарында “Чөөнүн сааты” китебине шектүү үч адам кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчи орун басары Нурбек Маматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ош шаарындагы компьютерлерди оңдоочу кеңселердин биринен былтыркы июнь окуяларын баяндаган «Чөөнүн сааты» китеби жана видеотасмасы табылды. Милиция кызматкерлери бул ишке шектүү деп үч адамды кармады. Алардын улуттары ачыктала элек. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык башкармалыгы териштирүүдө. Аталган мекеме жагдай тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Буга чейин Башкы прокуратура “Чөөнүн сааты” китеби жана ага тиркелген видеотасмалар чет өлкөлөрдө жасалганын, бул боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ошондой эле китепте июнь окуялары бир тараптуу чагылдырылганы айтылып, материалдар улуттук кастыкты козутуучу маанайды алып жүргөндүктөн аларды Кыргызстандын аймагында таркатууга тыюу салынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG