Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Сирияда 25 демонстрант окко учканы кабарланууда


Жума күнү (22-апрелде) Сириянын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык жүрүштөрү болду. Күбөлөрдүн жана оппозициянын билдиришинче, коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы аткан октон кеминде 25 киши набыт болгон.

Түштүктөгү Дараа вилайетинде 10 киши өмүрүнөн ажыраганы кабарланды. Айрым күбөлөрдүн сөзүнө караганда, алар өлкө байтакты шаары Дамасктын четиндеги ооруканада ок тийген беш кишинин сөөгүн көрүшкөн. Жума күнү Дамаск шаарында эки ири нааразылык жыйыны өткөнү маалымдалды.

Сирия өкмөтү чет элдик журналисттердин өлкө ичинде жүрүүсүн катуу чектеп койгондуктан, демократиялык реформаларды талап кылып, президент Башар Асаддын авторитардык режимине каршы чыгып жаткандардын жалпы саны жөнүндө маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG