Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

24-апрелде жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2 …7, күндүз 17…22 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус жылуу, күндүз 28…30 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG