Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Биолабораториянын курулушуна каршы аймактарда да кол топтолот


Бул тууралуу Бишкекте кол топтоп жаткан демилгечи жаштардан турган “Кыргызстан жаштары” кеңешинин мүчөсү Перизат Рысбек кызы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте Биологиялык лабораториянын курулушуна каршы миңге жакын кол топтолду. Бул иш чараны өрөөндөрдө да улантуу пландалууда. Демилгечи топ кеминде он миңге жакын кол топтолгондон кийин лабориаторияны курбоо талабы менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну көздөп жатышат.

Ал эми Биологиялык лабораторияны куруу боюнча долбоордун жетекчилери бул лаборатория жарандар үчүн коркунуч жаратпаганын, кооптонууга негиз жок экендигин белгилеп келишет.

Бишкектеги Ботаникалык бакчада жайгаша турган Биологиялык лабораториянын курулушу Канаданын колдоосу менен быйыл башталары кабарланган. Лаборатория вирус, бактериялар сактала турган жай болоору айтылган. Ага каршы чыккан топ биолабораторияда аймакка зыян келтире турган биологиялык каражаттар жасалат деп кооптонушууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG