Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Бийликти өткөрүү планы Йемендеги нааразылыкты токтото алган жок


Өлкө президенти Али Абдулла Салех бийликти өткөрүп берүүгө макул экендиги тууралуу жарыяга карабай, Йеменде бүгүн нааразылык акциялары улантылды. Салехтин кеңешчилери ал өлкөдө эки айдан бери басылбай жаткан нааразылык акцияларын токтотуу үчүн Перси булуңу кызматташтык кеңеши уюму сунуш кылган планды кечээ кабыл алганын билдиришкен. Ал
план боюнча Йеменди 32 жылдан бери башкарып келген Али Абдулла Салех оппозиция менен келишимге кол коюлгандан отуз күндүн ичинде кызматынан чегинип, бийликти вице-президентке тапшырат. Мунун ордуна кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турган иммунитет алат.

Оппозициянын жети партиядан турган башкы коалициясы планды айрым эскертүүлөр менен кабыл алганын айтты. Бирок нааразылык акцияларын уюштуруп жаткандар бүгүнкү билдирүүсүндө Салех бийликтен дароо кетиши керектигин жана сот жообуна тартылуусу зарылдыгын белгилешти. АКШ бийликти тынч өткөрүү планын кубаттап, тараптардын баарын аны тез ишке ашырууга үндөгөн эле.

Президенттин кызматтан кетишин талап кылып, эки айдан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда кеминде 120 йемендиктин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG